БӨРТӨ
БӨРТӨ (болжол менен 1154–1230/31) – Чынгыз хандын жубайы. Коӊурат уруусунун башчысы Дай (Тай) мырзанын кызы. Кыят ичиндеги боржиген (бөрүтегин) уруусунун баатыры Есугей 9 жашар уулу Темучинди (келечектеги Чынгыз хан) коӊурат элине ээрчитип барып, эзелки түрк салты боюнча Бөртөгө куда түшөт. Көп узабай Есугей кайтыш болуп, Темучин көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Эр жеткен соӊ, болжол менен 1178-жылы Бөртөнү издеп барып, алып кайтат. Бирок ошол кезде Темучиндин айылына меркиттер кол салып, Бөртө туткундалып кеткен. Темучин атасынын досу, Керей хандыгынын ханы Тогрул (Ван хан) менен жажират уруусунун ноёну, өзүнүн досу Жамуханын жардамы менен Бөртөнү бошотот. Чынгыз хан Бөртөдөн 4 уулдуу болгон: Жучу (1182–1227), Чагатай (1183–1242), Үгөдөй (1185–1241), Тулуй (1193–1256) жана аларды өзүнүн мураскорлору катары тааныган. Алар Чынгыз хандын баштаган иштерин андан ары улантуу менен түрк-монгол элдеринин тарыхында чоӊ из калтырган.
Ад.: Гумилёв Л. Н. «Тайная» и «явная» история монголов XII–XIII вв. М., 1994; Хара Даван Э. Чингис хан как полководец и его наследие. М., 1995.