БӨРҮБАЕВ Мурза-Али
(БӨРҮБАЕВ барагынан багытталды)
БӨРҮБАЕВ Мурза-Али (19. 4. 1950, Ош облусу, Өзгөн району, Мырзаке айылы –24.4.2021, ошол эле жерде) – генерал-майор (2004). П. С. Рыбалко атындагы Ташкент командалык жогорку аскер окуу жайын (1972), Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2002) бүткөн. Взводдон ротанын командирине чейин командалык кызматтарда, 1986–1988-жылдары танкалык батальондун командиринин орун басары-штабдын начальниги, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, 2002-жылы Коргоо министрлигинин аскерлеринин түштүк тобунун, 2004-жылы Түндүк тобунун командачысы, 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган.