БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович
БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович (31. 12.1950-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1993), академик (2000), Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген ишмери (1995). Кыргызстан Ленин комсомолу (1981), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (1998, 2000) лауреаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин (1972), Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1975). Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, улук окутуучу, декан, илимий иштер боюнча проректор (1976–1992), Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин 1-орун басары (1992–1994), И. А. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин (1994–1998), Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (1998–2000). 2000–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын спикери, 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы. А. Бөрүбаевдин 130дан ашуун илимий эмгеги (анын 30дан ашыгы чет өлкөлөрдө басылып чыккан), анын ичинен 6 монографиясы, орто мектептер, Жогорку окуу жайлар үчүн 5 окуу китеби жарык көргөн. А. А. Бөрүбаевдин орчундуу илимий эмгектеринин көпчүлүгү бир калыптагы мейкиндиктер (топология) жана бир калыптагы үзгүлтүксүз чагылдыруулар менен байланышкан. Ал бир калыптуулук структураларынын жардамы менен топологиялык мейкиндиктердин паракомпакттуу, локалдуу паракомпакттуу, линдельефтик жана башка кеӊейтүүлөрүн тургузган.

Эмгеги.: Равномерные структуры на топологических пространствах и группах (в соавторстве). Б., 1997.