БӨРҮ-БАШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БӨРҮ-БАШ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Бөрүбаш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Каракол суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1670 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 5 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 221 км. Калкы 2420 (2022); негизинен үрөнчүлүктө эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, китепкана, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Абдуллаев туулган.