ВЁРСТКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЁРСТКА п о л и г р а ф и я д а – 1) ар кандай көлөмдөгү текст, таблица, сүрөт материалдары­нан белгилүү өлчөмгө же атайын жасалган ма­кетке тууралап китеп, журнал жана гезит бетте­рин курап даярдоочу полиграфиялык процесс. Мында китептин бөлүмү, темасы, сүрөтү белгилүү тар­типте жайгаштырылып, бети жана бир беттеги саптардын саны аныкталат. Вёрстканын жөнөкөй түрү – бирдей ариптен терилген сүрөтсүз туташ текст, татаалы – ар кандай ариптен турган сү­рөттүү текст. Вёрстканын негизги милдети тексттин логикалык түзүлүшүн табуу, окууга ыңгайлуу­лугун, барактарды жана басып чыгарууда ке­ректүү болгон жайгашууларды камсыз кылуу;

2) терилип, версткалангандан кийин катасын оңдоо үчүн окула турган текст барагы (коррек­тура).