ВААЛЬС Ван дер Ваальс
(ВААЛЬС Вандер Ваальс барагынан багытталды)
ВА́АЛЬС , Ван дер Ваальс (van der Waals) Йоханнес Дидерик (23.11.1937, Лейден – 9.3.1923, Амстердам) – нидерландиялык физик. Лейден университетинин эркин угуучусу (1862–65). Амстердам университетинде профессор. Илимий иштеринин басымдуу бөлүгү молекулалык физика жана төмөнкү температурадагы физикалык кубулуштарга арналган (1873), реалдуу газ абалынын теӊдемесин чыгарган (Ван дер Ваальс теӊдемеси). Бинардык эки фазалуу кошулмалар теориясын (1890) жана капиллярдуулуктун термодинамикалык теориясын (1894) иштеп чыккан. Электролиттик диссоциация жана гидростатика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1910).
Эмг.: Курс термостатики. М., 1936. Ч. 1 – 2 (Ф.Констамм м-н бирге.)