ВАДОЗ СУУЛАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАДО́З СУУЛАРЫ (лат. vadosus – тайыз) – 1) жер кыртышынын (литосфера) үстүӊкү катмарында пайда болуп, тоо тектердин тешиктеринен, көӊдөйчөлөрүнөн, жаракаларынан орун алган жер астындагы суулар (ювенил сууларына карама-каршы түшүнүк); 2) атмосфералык жаан-чачындын жер кыртышына сиӊишинен (инфильтрация) пайда болгон жана суунун табиятта айланышына катышуучу жер астындагы суулар. Вадоз сууларынын суусуз жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө мааниси чоӊ.