ВАЗИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЗИР (ар., перс.), в е з и р (түрк.) – орто кылымдагы, ошондой эле жаӊы мезгилдеги Жакынкы жана Орто Чыгыш мамлекеттеринде хан, султан же эмирден кийинки жогорку даражадагы титул жана ага ээ болуп, алардын өкмөт иштерин аткарган төрө. Караханиддер кагандыгында Вазир каган же илек-хан тарабынан дайындалып, ага бийлик атрибуту катары мөөр, доолбас жана зоот, айрым учурларда илек-хан өзү салтанат менен мөөрүн тапшырган, ошондой эле чапан жаап, күлүк атты тартуулаган. Ал мезгилде Вазир мансабы мурасталган жана адатта, ал таасирдүү уруулардын бирине, (мисалы, чигил же ягма) таандык болгон. Аббасиддердин тушунда Вазир халифтин канцеляриясын башкарган жана кээде халиф жок учурларда мамлекетти башкаруу иштерин да аткарган. Аны бийлик ээси дайындап, Вазирлик мансабы мураска өткөн эмес. 15-кылымда Осмон империясында Осмон өкмөтүн жетектеген жогорку министр – «Улуу вазир» (везир и-азам, садразам) аталган мартабалуу кызмат орду пайда болгон. Ал султандын атынан маселелерди чечип, ошондой эле жарлык чыгара алган, согуш учурунда аскерлерди башкарып, анын соӊунда тынчтык келишимдерине кол койгон. 1876-жылы өлкөнүн конституциясы боюнча Улуу вазир – Министрлер советинин төрагасы катары эсептелген, 1908-жылдан министрлерди дайындоо укугуна да ээ болот. Түркияда султандыктын жоюлушу менен (1922) Вазирлик кызмат баканлык менен алмашылган. Бирок Вазир аталышы (министр деген мааниде) Жакынкы жана Ортоӊку Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө азыр да бар.
Ад.: Адам Мец. Мусульманский ренессанс. М., 1966; 2-изд. 1996; Genc R. Karahanli Devlet Teskilati (XI yuzyil) (Turk Hakimi yet Anlayisi ve Karahanlilar). Istanbul, 1981; Баласагунский Юсуф. Благодатное знание. М.: Наука, 1983.

Т. Жуманалиев.