ВАЗОВ
ВА́ЗОВ Иван Минчов (27. 6. 1850, Сопот – 22. 9. 1921, София) – болгар жазуучусу, коомдук ишмер, сын реализминин көрүнүктүү өкүлү. 1876–1877-жылдарда Румынияда эмиграцияда жүргөн. Орус-түрк согушунда (1877–1878) орус армиясына кызмат кылган. Болгария түрк эзүүсүнөн бошонгондон кийин Берковица шаарында сот (1879–1889), 1897–1899-жылдары агартуу министри болуп иштеген. Чыгармачылыгы 1870-жылы башталган. Болгар элинин түрк бийлигине каршы күрөшүн чагылдырган «Туу жана гусла» (1876), «Болгария кайгысы» (1877), «Кутулуу» (1878) аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Революциячыл-патриоттук ырларында, «Унутулгандар эпопеясы» поэмалар циклинде (1881–1884), «Эзүү астында» романында (1889–1890) улуттук-боштондук кыймылды сүрөттөгөн. Вазов – «Жаӊы жер» романынын (1896), Болгариянын орто кылымдагы турмушунан алынган «Туӊгуюкка карай» (1908), «Борислав» (1909) тарыхый драмаларынын, «Куулгандар» (1894), «Жылуу жер издегендер» (1903) комедияларынын автору. Ал негизинен демократиялык идеологияны жактаган жазуучу катары таанылган.
Ад.: Державин Н. С. Иван Вазов. Жизнь и творчество. М.; Л., 1948; Очерки истории болгарской литературы XIX–XX вв. М., 1959.