ВАКУУММЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАКУУММЕТР́ТР (вакуум ж-а ...метр) – сейректелген газ басымын (105–10–12 Па) өлчөөчү прибор. Бардык тармактагы төмөнкү басымды өлчөөчү универсалдуу вакуумметр болбойт. Вакуумметр түзүлүшү жана иштөө принциби боюнча суюктуктуу, механикалык, жылуулук, электрондук иондоштургуч, магниттүү – электр разряддуу, илээшкектүү, радиометрдик болуп бөлүнөт. С у ю к т у к т у у (гидростатикалык) вакуумметрде суюктугу (сымап же буу серпилгичтиги төмөн май) бар түтүк (столб) басым өзгөрткүч болуп эсептелип, газ басымын жана белгилүү басымды теӊдейт. Мындай вакуумметрдин кемчилдиги – суюктук буусу вакуум системасына кирип кетет, ошондой эле басым өлчөө диапазону аз. Механикалык вакуумметрде газ басымын сезгич (серпилгич) элемент (сильфон, мембрана ж. б.) сезет же кабыл алат. Механикалык вакуумметрдин сезгичтигин жогорулатуу үчүн серпилгич элемент экинчи өзгөрткүч (көлөмдүк, индукциялык ж. б.) менен туташтырылат. Ж ы л у у л у к ввакуумметринде басым астында сейректелген газдардын жылуулук өткөргүчтүгү пайдаланылат. Электр тогу менен ысытылган өткөргүч басым өзгөрткүчүнүн сезгич элементи болуп кызмат кылат. Э л е к т р о н д у к и о н д о ш т у р г у ч вакуумметрде ысытылган катоддон чыккан электрондор анодду көздөй тез жылат жана газ молекулаларын иондоштурат; пайда болгон иондор коллектор чынжырында басымга пропорциялуу ток пайда кылат. М а г н и т т ү ү э л е к т р р а з р я д д у у вакуумметрде басым – электр жана магнит талаалары чогуу таасир эткен учурда өтө сейректелген газда пайда болуучу электр разрядынын тогу боюнча аныкталат. И л э э ш к е к т ү ү вакуумметрде сейректелген газдын басымдын таасиринен болгон ички сүрүлүүгө көз карандылыгы пайдаланылат. Басым ченелүүчү газдуу идиштеги эркин кыймылдагы нерсенин (вибратор) токтоо мөөнөтү же декремент басым ченеми болуп эсептелет. Р а д и о м е т р д и к вакуумметр сейректелген газдуу ар кандай температуралуу чөйрөгө салынган эки пластинанын түртүлүшүнө – радиометрдик натыйжага негизделген. Пластиналардын түртүлүшү газ басымына пропорциялуу болот. Негизинен вакуумметр басымды башка физикалык чоӊдукка (сигналга) өзгөрткүчтөн (датчиктен) жана бул сигналды өлчөп, жыйынтыгын шкала түрүндөгү эсептегич түзүлүшкө берүүчү өлчөөчү блоктон турат.