ВАКУУМ СПЕКТРОСКОПИЯСЫ –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́КУУМ СПЕКТРОСКОПИЯСЫ – оптикалык спектроскопиянын вакуумдук кыска толкундуу ультракызгылткөк (толкун узундугу 200–10 нм) жана жумшак рентген (10дон 0,4–0,6 нмге чейинки) нурларынын аймагында (тилкеси) спектрлерди алуучу, изилдөөчү жана колдонуучу тармагы. Спектрдин вакуумдук аймагында аба толкунду көбүрөөк жуткандыктан, спектрлерди изилдөө үчүн вакуумдук спектр приборлору колдонулат. Ал приборлордун оптикалык бөлүгү менен кабыл алгычы вакуумдук (10–5 сым. мам. Ммге чейин) же инерттүү газ толтурулган камерага жайгаштырылат. Вакуум спектроскопиясы ыкмасы жогорку температуралуу призмадагы процесстерди, жылдыз ж. б. космос объектилеринин спектрлерин изилдейт.