ВАКФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАКФ , х а б у с (ар. кармап калуу) – мусулмандык укукта кайрымдуулук жана диний муктаждыктар үчүн атайын ыйгарылган же мураска калтырылган (берилген) кыймылдуу-кыймылсыз мүлк. Вакфтан салык алынбайт, конфискацияланууга жана камакка санкцияланууга жатпайт. Ислам уламаларынын ырастоолору боюнча Вакфка карата бардык менчиктөө укуктарынын күчү түбөлүккө токтотулат. Вакф мурасталбайт, белекке берилбейт, сатылбайт. Вакф 11-кылымдан мусулман өлкөлөрүндө кеӊири тараган. Вакфтын каражаттарынын туура сарпталышын жогорку – кади (кыргызча – казы) көзөмөлдөп турат. 19-кылымда Осмон империясындагы жерлердин үчтөн бир бөлүгү Вакфка тиешелүү болгон. Россияда (Крымда, Кавказда) Вакф мусулмандардын жалпы мүлкү катары эсептелген. Совет бийлиги аларды (Вакф жерлерин) казыналаштырып салган. СССР урагандан кийин Татарстанда жана Түндүк Кавказда Вакфтын де-факто жана де-юре укугун калыбына келтирүү аракеттери жасалган. 21-кылымдын башталышында Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын мамлекеттеринде Вакфты башкарууну адистештирилген министрликтер жетектейт. Орто Азиядагы Вакфты Совет бийлиги жойгон. Кыргызстанда Вакф болгон эмес.