ВАКХАНАЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАКХАНА́ЛИЯ – Байыркы гректерде жана римдиктерде шайырдыктын кудайы Вакхка арналган майрам; 2) операда, балетте, хореографиялык көрүнүш же бий. Шатыра-шатман, жарпты жазууну, көӊүл ачууну сүрөттөйт. Жүрүшү жандуу, ылдам. Музыкалык өлчөмү жана формасы эркин. Вакханалия хореографиялык жанр катары XVIII кылымда жаралган. Вакханалиянын мыкты үлгүлөрү Вагнердин «Тангейзер»‚ Cен-Cанстын «Cамсон жана Далила» аттуу операларында‚ Глазуновдун «Раймонда» балетинде жана башка чыгармаларда пайдаланылган.