ВАЛЕОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАЛЕОЛО́ГИЯ (лат. vale – саламат бол ж-а ...логия) – медицина менен педагогиканын адамдын жеке ден соолугун комплекстүү изилдөө максатын көздөгөн багыты. Анда адам ден соолугу социолдык-экономикалык, медициналык, экологиялык ж. б. аспектте изилденет. Бул илим Россияда 1990-жылдарда калыптана баштаган.