ВАЛЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВА́ЛЛИ – Улуу Британия ээлиги – Ангильянын административдик борбору. Ангилья аралында жайгашкан. Калкы 1,4 миӊ (2006). Уоллблейк эл аралык аэропорту иштейт. Башкы финансы, соода, туристтик борбор. Теннис академиясы, калк китепканасы, тарых музейи, сүрөт галереясы бар. Жыл сайын августта карнавал өткөрүлөт.