ВАЛЮТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА (англ. currency) – 1) бир мамлекеттин акча бирдиги жана анын түрү (алтын‚ күмүш‚ кагаз); 2) эл аралык эсептешүүлөрдө колдонулуучу чет мамлекеттердин акча белгилери (чет өлкөлүк Валюта); улуттар аралык эсеп бирдиктери жана төлөм каражаттары (CДР‚ ЭКЮ ж. б.). Пайдалануу режимине жараша Валюта өтүмдүү (чет өлкөлүк башка Валютага эркин жана чексиз алмашылуучу)‚ жарым-жартылай өтүмдүү (жарым-жартылай алмашылма)‚ башкача айтканда бардык Валюта операциялары же бардык эле ээлик кылуучулар үчүн эмес; өтүмсүз (алмашылбоочу‚ бирикпеген)‚ бир өлкөнүн чегинде иштеген деп бөлүнөт.