ВАЛЮТАЛЫК ЧЕГЕРҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮТАЛЫК ЧЕГЕРҮҮЛӨР – ишканалар мамлекетке атайын валюталык курс боюнча сатууга милдеттүү болгон чет өлкөлүк валюта түрүндө түшкөн акчанын бир бөлүгү. Валюталык чегерүүлөр тышкы мамлекеттик карыз боюнча төлөмдү жана чет мамлекеттеги мамлекеттик сатып алууларды финансылоо үчүн чет өлкөлүк валюта тартыштыгы учурунда киргизилет.