ВАЛЮТА АЛЫП CАТАРЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА АЛЫП CАТАРЛЫГЫ – банктардын жана фирмалардын валюта рыногунда валюта курсун өзгөртүүдөн пайда табуу максатын көздөгөн ишмердиги; валюта тобокелчилигин атайылап кабыл алуу. Валюта алып сатарлыгы ачык валюта позициясын пайда кылуучу валюта операцияларын жүргүзүү (мисалы‚ мөөнөттүү бүтүмдөр ж. б.) же валюта тобокелчилигин камсыздандыруу боюнча валюта операцияларын атайылап бүтүрбөө аркылуу ишке ашырылат. Валюта алып сатарлыгынын натыйжасы валюта курстарынын өзгөрүш келечегин алыпсатарлар туура баалашына жараша пайдага же чыгымга дуушарлантышы мүмкүн.