ВАЛЮТА ИНТЕРВЕНЦИЯCЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАЛЮ́ТА ИНТЕРВЕНЦИЯCЫ – өлкөнүн борбордук банкынын чет өлкөлүк валютанын ири партиясын сатуу же сатып алуу аркылуу валюта рыногуна жана валюта курсуна бир жолку максаттуу түрдө олуттуу таасир кылуусу. Валюта интервенциясы чет өлкөлүк валютанын курсун мамлекеттин кызыкчылыгына карата жөнгө салуу максатында жүргүзүлөт.