ВАНДАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНДАЛДАР ( лат. Vandali) – чыгыш герман урууларынын тобу. Адегенде Скандинавия жарым аралынын түштүк-батышында жана Ютландия жарым аралынын түндүк аймактарында жашашкан. Б. з. ч. 2–1-кылымдарда Одер дарыясынын ортоӊку жана жогорку агымына (азыркы Польшанын түштүк-батышы) көчүп келишкен. Вандалдар силингдер (азыркы Силезиянын аймагы) жана асдингдер (азыркы Венгриянын түндүк-чыгыш аймактары) болуп бөлүнүшкөн. Рим императору Пробдон жеӊилгенден кийин Вандалдардын бир бөлүгү Британияга көчүрүлгөн (279). 4-кылымда Рим императору Константин алардын бир тобун Паннонияга отурукташтырган. 5-кылымдын башында Вандалдар аландар жана свевдер менен бирдикте Рейн дарыясынан өтүп, Галлияны чаап алып, Испаниянын бир бөлүгүн ээлешет. 429–439-жылдары Түндүк Африканы каратып, асдингдердин конунгу Гейзерих (428–477) Карфагенде өз алдынча мамлекет негиздеген; ал жерден Вандалдар Жер Ортолук деӊиздин жээктерине жана аралдарына жапырып кирип турушат. 455-жылы Римге басып кирип, эки жума бою талап-тоношкон. 534-жылы Вандалдар мамлекетин Византия каратып алган; Вандалдар болсо жергиликтүү элдерге аралашып кеткен. Вандалдар тарыхта жергиликтүү калктарга карата ырайымсыздыгы, талоончул жортуулдары жана антикалык маданияттын эстеликтерин кыйраткандыгы менен белгилүү. Ушундан улам «вандал» этноними жалпы мааниге ээ болуп, 18-кылымда маданий эстеликтерди максатсыз кыйратууну билдирген вандализм түшүнүгү калыптанган.