ВАН БИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН БИ , В а н Ф у с ы (226, Шаньян, азыркы Хэнань провинциясы – 249) – кытай философу, конфуцийчилик менен даосизмден куралган, «түпкүрдөгү сырлар» тууралуу окуунун жана бул окууга байланыштуу «таза баарлашуу» деген салттуу алым-сабак маектин негиздөөчүсү. Ван Биге эки албан окуунун – даосизм менен конфуцийчиликтин башкы китептериндеги («И цзин», «Дао дэ цзин») түпкү-өзөк жоболорго берилген баалуу чечмелөөлөр таандык. Ван Би кытай буддизми менен неоконфуцийчиликтин түшүнүктөр аппаратына жана теориялык жоболоруна олуттуу таасир көрсөткөн категориялар системасын иштеп чыккан. Даодогу: «нак нерсе (ю) жок нерседен туулат» деген тезистен улам, Ван Би «жок нерсе (жок болмуш)» менен анын реалдуулугунун ортосунда толук дал келүүчүлүк, башкача айтканда төптөштүк бар деп эсептеген.