ВАН ГОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАН ГОН (31.1.877, Сондо, Тхэбон – 4.7.943, Кэсон, Корё) – Кореядагы Корё мамлекетинин (918–943) алгачкы башкаруучусу (ван), династиянын негиздөөчүсү. Алгач Кореядагы Тхэбон мамлекетинин башкаруучусу Кун Енин вассалы болгон. Тхэбон жана Хупэкче мамлекеттеринин ортосундагы согуш учурунда абалын бекемдегенге жетишип, 918-жылы Кун Ени бийликтен алып, өзүн Тхэбондун башкаруучусу деп жарыялап, мамлекетти Корё деп атаган. 935-жылы Силла мамлекетинин акыркы падышасы да ага тактысын бошотуп берген. 936-жылы Ван Гон Хупэкче мамлекетин талкалап, бүткүл Кореянын башкаруучусуна айланган.