ВАН МАН
ВАН МАН (б. з. ч. 45, Юаньчэн, Хан империясы – б. з. 6. 10. 23, Чанъань) – Байыркы Кытай мамлекеттик ишмери, 9–23-жылдары император. Тектүү Ван тукумунан чыккан. Б. з. ч. 8-жылы Хань империясынын жогорку төбөлү – «да сы ма» даражасына ээ болгон. 8-жылы сентябрда сарай төӊкөрүшүн уюштуруп, өзүн жаӊы Синь династиясынын императору деп жарыялаган. Дыйкандарга жер үлүштөрүн бөлүп берүү, жерге болгон жеке менчикти, кулдарды сатуу, сатып алууну жоюу боюнча реформаларды жүргүзүүгө аракет жасаган. Туз, темир, шарап ж. б. товарларды сатууга мамлекеттик монополия киргизген. Ван Мандын реформалары калктын ар кайсы катмарларында нааразычылыктарды пайда кылып, көтөрүлүштөргө (эӊ белгилүүсү «кызыл кашчандар» козголоӊу) алып келген. 23-жылы козголоӊчулар өлкөнүн борбору Чанъаньды ээлеген, Ван Мандын башы алынган.