ВАН ФУЧЖИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН ФУЧЖИ́ (7.10.1619, Хэнчжоу уезди, Хэнъян – 18.2.1692, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы) – кытай философу, универсалдуу билимдүү, окумуштуу-энциклопедист. Анын 100дөн ашуун эмгектеринен 70ке жакыны табылды жана жарык көрдү. Ван Фучжинин эмгектеринин көпчүлүк бөлүгү байыркы кытай философиясынын канондорун чечмелөөгө арналган. Ван Фучжи Чжан Цзага удаа эле «Улуу боштук» жөнүндөгү окууну өнүктүргөн. Мындагы борбордук жобо – ци (дем күчү), ал дүйнө түзүлүшүнүн бардык негизинде жатат. Демдин (дем күчтүн) мүнөзүнүн уӊгу-негизи (субстанция) ушунда: «ансыз эч кандай принцип да, эч кандай «Асман» да, эч кандай «жүрөк» да болбойт, жок нерселер» делет. Чжоу Дуньинин кыймылдын үстүнөн тынымдын үстөмдүгү жөнүндөгү жобосун сынга алат. Тыным кыймылдан экенин моюндап келип, аларды универсалдуу дүйнө түзүүчү күчтөргө ээ инь менен яндын өӊүтүнөн сунуштайт. «Кыймылда ян жаралат – бул кыймылдын кыймылы. Тынымда инь жаралат – бул тынымдын кыймылы». Ошол доордогу теориялык талаш-тартыштардын омоктуусу – кайсынысынын жолу улук – адамдардынбы же мыйзамдардынбы – деген маселеге кайрылып, Ван Фучжи аларды теӊдештирип чечкен. Ал: «Асман алдында эч качан кебелбес негиздер бар, бирок эч кебелбес мыйзамдар жок», – деген.