ВАН ЧУН
ВАН ЧУН (б. з. 27, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы – 100-жылга чейин) – кытай философу-энциклопедисти. Анын таржымалы «Хоу Хань шу» («Соӊку Хань жөнүндөгү китеп») деген династиялык тарыхка киргизилген. Ван Чундун бирден-бир сакталып калган эмгеги – «Лунь Хэн» («Ой жүгүртүүлөрдү теӊдештирүү») деген китеби атаандаш философиялык көз караштарды бирине бирин салыштыруу ыкмасында жазылган. Ван Чундун философиясынын мааниси – башкы философиялык мектептердин эч кайсынысына кирбеген, эч кимди туурабаган, нукура окууну түзгөндүгүндө эмес, ал философтордун стилине, башкача айтканда көзүнө карабай сындоону, тажрыйбага жана илимдеги маалыматтарга дайыма таянып иштеп чыккан стили менен айырмаланган. Дүйнөнүн баарына текши бирдейлиги «асман-жер» үрөнүнүн өткөрө назик табиятын көрсөткөн жана да өзүн-өзү жараткан материалдык, рухий көрүнүштөрдүн негизинде жаткан универсалдуу, зарделдүү уӊгу-негиз (субстанция) – «дем башаты» (ци) менен шартталган. Ал эми «дем башаты» өзгөрбөс жазмышты – «жекече табиятты» алып жүрүүчү катары адам аркылуу ишке ашат. Ван Чун адамзат коомунун тарыхын өкүмдарлардын сапаттарына байланышпаган «маданият» үстөмдүктөрүнүн жана козголоӊдорунун мерчемдүү кайталанма алмашуусу катары караган.