ВАРИКАП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРИКА́П [англ. vari (able) – өзгөрмөлүү жана cap (acity) – сыйымдуулук] – сыйымдуулук берилген чыӊалууга көз каранды болгон жарым өткөргүчтүү диод. Германий, кремний, галий арсениди ж. б-дын негизинде жасалат. Радиоэлектрондук түзүлмөлөрдө термелүү контурунун жогорку жыштыгын түзөтүүдө, жыштыкты жогорулатуу, параметрдик күчөтүү үчүн өзгөрмө сыйымдуулукту алуу ж. б-да башкарылуучу конденсатор катары колдонулат.