ВАРИСТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАРИ́СТОР [англ. vari (able) – өзгөрмө ж-а (resi) stor – резистор] – чоӊдугу берилген чыӊалууга көз каранды болгон өзгөрмө R каршылыкты ченөөчү прибор. Аны даярдоо үчүн күкүм түрүндөгү кремний карбидин байланыштыруучу суюктуктар: чопо, суюк айнек, лак ж. б. же ылайлар менен пресстеп, калыпка куюп, 1700°С температурада бышырат. Анын бетине металл капталып, ага зым каӊдалат. Чыӊалуу өскөндө каршылык азайып, бүртүкчөлөрдүн ортосундагы контакттардын каршылыктарын төмөндөтөт. Варистор төмөнкү жыштыктуу ток менен чыӊалууну бир калыпта кармап туруу жана жөнгө салуу үчүн колдонулат.