ВАРМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРМЕ́ТР – өзгөрмө токтун электр тизмегиндеги реактивдүү кубаттуулукту өлчөөчү прибор: кубаттуулук Q=UIsin формуласы менен берилет, мында U – чыӊалуу, I – электр тогунун күчү,  алардын ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. Негизинен өнөр жайлык жыштыктагы (50 Гц) үч фазалуу өзгөрмө ток тизмегинде колдонулат жана ваттметрдей схемада туташтырылат. Варметрдин негизин электр ченегич механизм (адатта электр-динамикалык же ферродинамикалык система) жана Варметрдин көрсөтүүсүнүн sinj чоӊдугуна пропорциялуулугун камсыз кылуучу электр схемасы түзөт.