ВАСИЛЕНКО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАСИЛЕ́НКО Лев Владиславович (15.10.1927-жылы туулган, Ташкен) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Ташкен политехника институтун бүтүргөн (1950). 1958–61-жылдары Чүй геологиялык экспедициясынын, 1962–85-жылдары Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясынын партияларынын башкы геологу болуп иштеген. Кыргызстандын металл эмес кенбайлыгын издөө, чалгындоо жана геологиялык жумуштарды уюштурууга чоӊ салым кошкон.