ВАСИЛЬЕВ Владимир Яковлевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСИЛЬЕВ́ЛЬЕВ Владимир Яковлевич [15 (28). 6. 1907, Киев – 3. 4. 1977, Фрунзе] – режиссёр, Кыргыз ССР эл артисти (1958). Москвадагы театр студиясын (1924–1927), Мамлекеттик көркөм сүрөт искусство институту – ГИТИСти (1930–1935) бүтүргөн. В. Васильевдин өмүрү жана чыгармачылыгы кыргыз театр өнөрү менен байланышкан. Ал улуттук музыкалык театр менен опера искусствосунун өнүгүшүнө режиссёр жана педагог катары салым кошкон.

В.  Я. Васильев дүйнөлүк, орус жана кыргыз авторлорунун 30дан ашык спектаклин койгон. Алар: «Алтын кыз» (1936), «Айчүрөк» (1939), «Манас» (А. Куттубаев менен бирге, 1946), «Карганын маткеси» (1950), «Риголетто» (1953), «Аида» (1960), «Оптимисттик трагедия» (1965), «Белгисиз солдат» (1967) жана башкалар. Эки Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.