ВАХТАНГОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАХТА́НГОВ Евгений Багратионович [1 (13). 2. 1883, Владикавказ – 29. 5. 1922, Москва] – режиссёр, актёр, педагог. Студенттердин (кийин «Мансуровдун») драма студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси (1913-жылдан). Ал студия 1921-жылы Москва көркөм театрынын (МХТ) 3-студиясы, 1926-жылы Евгений Вахтангов атындагы театр деп аталган. Вахтангов – Октябрь революциясынан кийин советтик театрды уюштургандардын бири. Чеховдун

Е. Б. Вахтангов Текльтондун ролунда
(Ч. Диккенс. «Мештеги кара чегиртке»).

«Үйлөнүү тою» (1920, Вахтангов студиясы), Стриндбергдин «Эрик XIV» (1921) пьесалары боюнча спектаклдерди койгон. Акыркы спектаклинде (Гоцци, «Каныша Турандот», МХТнин 3-студиясы, 1922) оптимизм, тымызын тамаша, шайыр кырдаал өкүм сүргөн. Театр журтчулугу (айрыкча К. С. Станиславский менен В. И. Немирович-Данченко) жогору баалаган бул спектакль сахна өнөрүнө жаӊы жол ачкан. Театрдын этикалык жана эстетикалык милдеттеринин ажырагыс биримдиги, идеясы, чыгарманын мазмуну менен көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген жана кайталангыс сахналык форманы аныктаган мезгил талабын сезе билүү сыяктуу Е. Вахтангов негиздеген принциптер Евгений Вахтангов атындагы театрдын ишинде өрчүтүлгөн. Көрүнүктүү актёрлор менен режиссёрлор Р. Н. Симонов, Б. В. Щукин, Н. М. Горчаков, Ю. А. Завадский, А. Н. Грибов, В. П. Марецкая, А. И. Степанова жана башкалар Е. Б.  Вахтанговдун шакирттери болушкан.


Ад.: Горчаков Н. М. Режиссёрские уроки Вахтангова. М., 1957; Симонов Р. Н. С Вахтанговым. М., 1959; Смирнов-Несвицкий Ю. А. Е. Вахтангов. Л., 1987.