ВАХШ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАХШ ӨРӨӨНҮ Вахш дарыясынын ортонку жана төмөнкү агымдарын ээлейт; Тажикстанда. Узундугу 110 км, таманынын бийиктиги 400дөн 1200 мге чейин. Көп бөлүгү аллювий тектеринен турат. Нефть жана газ кендери (Кичи-Бел, Кызыл-Тумшук) бар. Сугат жерлеринде пахта эгилет. Багбанчылык өнүккөн. Вахш өрөөнүндө Нурек, Калининабад шаарлары жайгашкан.