ВЕГЕТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕГЕТА́ЦИЯ (лат. vegetatio – дүүлүгүү, жандануу) – өсүмдүктүн өсүүсү, активдүү тиричилик абалы. Өсүмдүктөрдүн тыным мезгилинен айырмаланып, выегетация мезгилинде өсүмдүктө азыктануу, өсүү, запас органикалык заттарды топтоо, көбөйүү, түшүмдүн (урук, үрөн, мөмө-жемиш, түймөктөрүнүн ж. б.) бышып жетилүү процесстери жүрөт (к. Вегетация мезгили).