ВЕДА ДИНИ
ВЕ́ДА ДИНИ – байыркы Ирандын, индевропалыктардын диний-мифологиялык моделдери менен тектештиги бар, Ведаларда, эӊ башкысы, Ригведада чагылдырылган диний-мифологиялык түшүнүмдөр комплекси. Веда дини Индиянын аймагында байыркы арий урууларынын арасында калыптанган. Мүнөздүү белгиси – табият күчүн көбүнчө мифологиялык бүдөмүк сыпаттарда Кудайга айландыруу. Таат-ибадат негизи – курмандык чалуу. Брахмандар аткаруучу татаал ритуалдар менен коштолгон мындай магиялык ырым-жырымдардын мааниси өтө зор болгон. Веда дининин пантеону бийлик-даража тепкичтеринин жоктугу, анын кыйла татаалдыгы, кайсы бир ыӊгай боюнча санжаптоого мүмкүн эместиги менен айырмаланат. Веда пантеонунун көбүрөөк таат-ибадат кылынган кудайлары: Дьяус (асман кудайы, гректе Зевс), Сурья (күн кудайы), Ушас (таӊ кудайы), Рудра (күн күркүрөө кудайы), Ваю (шамал кудайы), Маруты (бороон кудайы), Индра (чагылган кудайы), Агни (от кудайы) ж. у. с. Веда дининен брахманизм өнүгүп чыккан.