ВЕДУТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕДУТ́А (италянча veduta – көрүнүш) – живопись же графикада архитектуралык пейзаждын бир түрү.

Ведута. А. Каналетто. Венециядагы Риальто көпүрөсү менен чоӊ канал.
1730–1750-жылдар чен. Улуттук галерея (Рим).

Калриччиодон айырмаланып, ведута шаардын так топографиялык көрүнүшү. Термин XVIII кылымда Италияда пайда болгон: жергиликтүү сүрөтчүлөр саякатчыларга арнап шаар пейзаждарын жаратышкан. Ведутанын ири чеберлери Венецияда Л. Карлеварис, А. Каналетто, Б. Беллотто, М. Риччи жана башкалар болгон. Ведута салттары XX кылымдын башындагы архитектуралык пейзаж чеберлеринин чыгармачылыгында өзгөрүүгө учураган жана панораманын жана көркөм фотографиянын башаты болгон.