ВЕЗЛЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВЕЗЛЕ́ – Франциядагы шаар. Бургундияда, Йонна департаментинде. Калкы 0,5 миӊдей (2006). 858–859-жылдары негизделген. IX–XI кылымдарда Ыйык Магдалинага зыярат кылуучу жайга айланган. Орто кылымдагы дубал (XII кылым) менен дарбазалардын (Порт-Нёв, XIV–XVI кылымдар) калдыктары сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Ыйык Магдалина

аялдар монастыры роман чиркөөсү менен бар. Чиркөө ансамбли менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Везлеге жакын чиркөөлөр, археологиялык музей, сепил жайгашкан. Шаар айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн.