ВЕЗУВИЙ
ВЕЗУ́ВИЙ – Аппенин жарым аралындагы аракеттеги жанар тоо. Италиянын түштүгүндөгү Неаполь шаарына жакын жерде. Европа материгиндеги аракеттеги жалгыз жанар тоо. Анын бири бирине кийгизилгендей болуп көрүнгөн үч конусунун сырт-

кы жана эӊ байыркысы – түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндө гана сакталган дого сымал (диаметри 15 кмдей) Монте-Сомма жалы (бийиктиги 1132 м). Анын ичиндеги бийик (1279 м) жана жаш конусу – жанар тоонун өзү (түбүнүн диаметри 3 км, оозунуку –1 км). Кратердин түбүндө мезгил-мезгили менен үчүнчү конус пайда болуп, жанар тоо катуу атылганда жок болуп турат. Негизги конустун тоо тектери лава менен туфтун катмарларынан түзүлгөн. Биринчи жолу б. з. 79-жылында атылган. Анда Геркуланум, Стабий, Помпей шаарлары кыйроого учураган (андан кийин 50дөй жолу, акыркысы 1957–59-жылдары атылган). Азыр фумаролдук абалда (түтөөдө). 600 м бийиктикте вулканология обсерваториясы (1942-жылдан) иштейт. 800 м бийиктикке чейин жемиш бактары, жүзүм өсөт, кызыл карагайлуу токой бар. Туризм өнүккөн.
Ад.: Апродов В. А. Вулканы. М., 1982.