ВЕКCЕЛЬ
ВЕ́КCЕЛЬ (англ. bill) – Векселде көрсөтүлгөн акча суммасын белгилүү мөөнөттө карызкордон төлөтүп алууну талап кылууга талашсыз укук берүүчү‚ карызкор (вексель алуучу) тарабынан кредиторго (векселдин ээсине) берилүүчү‚ өзгөчө мыйзамдардын нормалары боюнча жазылган кат жүзүндөгү карыз милдеттенмеси. Векселдин башкы касиети – анын «абстракттуулугу»‚ башкача айтканда акча карызынын пайда болушу боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдүн жоктугу‚ ошондой эле төлөм милдеттенмелеринин Вексель маалыматтары менен так ылайык
келиши‚ башкача айтканда талашсыздыгы. Вексель соода бүтүмдөрүн аткаруу процессинде төлөм каражаты – кредит акча катары кызмат кылган. Вексель жөнөкөй жана которулма (тратта)‚ коммерциялык (карызкорлор товар алуу үчүн күрөөгө берүүчү)‚ банктык (ошол өлкөнүн банктары тарабынан өзүнүн чет өлкөдөгү корреспонденттерине – чет өлкөлүк банктарга коюлуучу)‚ казыналык (мамлекет тарабынан өз чыгымдарын жабуу үчүн чыгаруучу) деп бөлүнөт.