ВЕЛИКИЙ НОВГОРОД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЛИКИ́Й НО́ВГОРОД – Россиядагы шаар. Новгород облусунун административдик борбору. Калкы 225,0 миӊ (2021). Облустун батышында, Ильмен көлүнөн 6 км түндүктө жайгашкан. Волхов дарыясындагы пристань. Жолдор тоому, аэропорту бар. Алгач 12- кылымдын башынан эскерилет. 1136–1498-жылдарда шаар Новгород Республикасынын борбору болгон. 14-кылымдын аягында Великий Новгород деп аталган. 1708–27-жылдарда Новгород Санкт-Петербург губерниясынын курамына кирип, 1719–75-жылдарда провинциянын, 1727–1927-жылдарда Новгород губерниясынын, Түндүк-Батыш крайдын, райондун жана Ленинград облусунун (1927–44) борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта толугу менен талкаланып, 1945-жылы указ менен калыбына келтирилген. 1999-жылдан азыркыдай аталат. Шаар орто кылымдагы кайталангыс археологиялык байыркы эстеликтери менен даӊкталат. 2005-жылы шаардын аймагынан табылган 11–15-кылымдарга таандык береста (кайыӊ кабыгы) грамотасы (956, анын ичинен 450дөн ашыгы 11–15-кылымдарга таандык) – орус археологдорунун 20-кылымдагы ири табылгасы. 2000-жылы момдолгон жыгачка жазылган славяндардын эӊ байыркы окуу китеби (10–11-кылымдар) табылган. Шаар – тарыхый-архитектуралык музей-корук. Волхов дарыясынын оӊ жээгинде,

Шаардын жалпы көрүнүшү.

София собору (15–17-кылымдар), епископ сарайы (1433), саат мунарасы (1673), «Россияга миӊ жыл» эстелиги (1862), чиркөөлөр (Нередицедеги Спас, Николо-Дворщенск, 1113-жыл чен; Успенье, Воскресенье ж. б.), монастырлар (Хутын, Сырков, Никольск, Клонск, Георгиевск Юрьев) бар. Великий Новгороддун тарыхый-маданий эстеликтери жана алардын айланасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаар – облустун ири өнөр жай борбору. Түстүү металлургия, машина куруу («Сплав» корпорациясы – АЭСтер жана куурлар үчүн арматура), химия («Акрон» заводу – минералдык жер семирткичтер, айнек буласы заводу), жыгаччылык жана тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1993; 4 институтту, айыл чарба жана табигый байлыктары академиясын, 5 коллежди камтыйт), китепкана (1833), музейлер (анын ичинде «Витославицы» жыгач зодчийлиги, 1964; жыгач чиркөө, 16–18-кылымдар; жел тегирмен ж. б.), театрлар (анын ичинде академиялык, «Малый» балдар жана жаштар үчүн) бар. 1992-жылдан «Жомок паашасы» театр, 2002-жылдан «Европа боюнча музыка сейили» фестивалдары жана эл аралык ири шахмат турнирлери (1995, 1996, 1997) өткөрүлүп турат.
Ад.: Рыбина Е. А. Торговля средневековго Новгорода. Великий Новгород, 2001; Янин В. Л. У истоков новгородской государственности. Великий Новгород, 2001; он же. Новгородские посадники. 2-е изд. М., 2003; он же. Средневековый Новгород. М., 2004; Берестяные грамоты: 50 лет открытия и изучения. М., 2003.