ВЕЛОСИПЕД СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЛОСИПЕ́Д СПОРТУ – спорттун түрү. Велосипед спортуна шосседе же тректе жарышуу, велосипед кроссу, фигуралык жүрүш (велосипед менен ойку-кайкы тебүү), велосипедчен топ ойноо (велобол) жана велотуризм боюнча мелдештер кирет. Алгачкы мелдеш 1869-жылы Францияда (Руан менен Париж ортосунда, 120 км аралыкта), дүйнөнүн биринчилиги үчүн тректеги эӊ алгачкы жарыш 1893-жылы Чикагодо, шосседеги 1921-жылы Копенгагенде өткөрүлгөн. Велосипедчилердин эл аралык союзу 1900-жылы Парижде түзүлгөн. Велосипед спорту Кыргыз Республикасында 30-жылдан өнүгө баштаган. Кыргызстанда Э. Я. Лившиц, В. И. Лусников 1957-жылы биринчилерден болуп спорт чебери наамын алышкан. 20 спортчу эл аралык класстагы чебер наамына татыктуу болгон.