ВЕНА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961) – эл аралык дипломатиялык байланыштар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн укуктук негиздери тууралуу конвенция. 1961-жылы 18-апрелде Вена шаарында кабыл алынган. Вена конвенциясы дипломатиялык байланыштарды түзүү жана токтотуунун тартиби, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жана алардын функциялары тууралуу маселелерди жөнгө салат, конвенцияда дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы жана анын кызматкерлерин аккредитациялоо эрежеси, дипломатиялык иммунитеттердин көлөмү жана артыкчылыктары аныкталган. Конвенция боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имарат жана андагы кызматкерлер өз өлкөсүнүн гана мыйзамдарына баш ийишет. Жергиликтүү мамлекет башчылары элчилик орун алган имаратка элчинин уруксаты менен гана кирүүгө укугу бар. Азыркы учурда Вена конвенциясына дүйнөнүн 170тен ашык мамлекети мүчө.