ВЕНЕРН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НЕРН – Батыш Европадагы ири көл. Швециянын түштүгүндө. Аянты 5,5 миӊ км2, тереӊдиги 100 м. Чанагы мөӊгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Жээги көбүнчө жапыз, булуӊ-буйткалуу, аралдары көп. Көлгө 30дан ашык суу куят (эӊ ириси – Кларэльвен), Гёта-Эльв дарыясы агып чыгып, Каттегат кысыгына куят. Венерн – Стокгольм – Гётеборг ички суу жолунун бир бөлүгү. Жээгинде Карльстад, Мариестад, Венерсборг шаарлары жайгашкан.