ВЕНЕЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕ́ЦИЯ –Италиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Венеция облусу менен провинциясынын административдик борбору. Адрия деӊизиндеги Венеция лагунасында 150 салааларга жана канал өткөөлдөргө бөлүнүп (алар аркылуу 400гө жакын көпүрө салынган), 118 аралда жайгашкан. Калкы 260,0 миӊ (2020). Өлкөдөгү эӊ ири деӊиз порту (жылына 30 млн т жүк ташылат, 2004). Эл аралык аба жолдор тоому (эл аралык Марко Поло аэропорту бар). Шаар эки бөлүктөн – тарыхый (аралда жайгашкан) жана өнөр жайлуу порттон (материктеги) туруп, алар темир жана автомобиль жолдору аркылуу байланышат. Шаардын аралдардагы бөлүгү – музей-шаар, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Венеция – дүйнөдөгү эӊ ири деӊиз курорту жана эл аралык туризмдин борбору. Шаар көрүнүшү көптөгөн каналдар (рио), анын жээгиндеги кууш өткөөлдөр, ачык (кампо) жана кичи (кампьелло) аянттар, үйлөрдүн ортосундагы короолору (корте) жана чаташ көчөлөрү менен өзгөчөлөнөт. Шаардын ички жүргүнчүлөрү дарыя травмайлары (вапоретто; жалгыз коомдук транспорт), ал эми туристтер транспорттун тарыхый түрү болгон гондола менен ташылат. Негизги транспорт артериясы – Чоӊ канал (узундугу 3800 м, туурасы 30–70 м ), ага анча чоӊ эмес 45 канал куят жана 3 көпүрө салынган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу (калктын 60% эмгектенет). Салттуу кол өнөрчүлүк [Венеция айнегинен (Мурано аралында), териден, тордон (Бурано аралында; тор токуу мектеби ачылып, музей уюшулган) буюм жасоо, мозаика] өнүккөн. Венециянын материктеги бөлүгүндө өнөр жай тармагы начар өнүккөн. Кеме ремонттоочу чакан иш-

Сан Марко коӊгуроолуу мунара собору.

каналары [эӊ эскиси – Арсенал, дүйнөдөгү эӊ ири верф, 15-кылым; анын аймагында 1964-жылдан тарыхый деӊиз музейи (1923-жылы негизделген) жайгашкан; кемелердин макети, курал-жарактын түрү ж. б.], түстүү металлургия, нефть ажыратуу, химия, текстиль, тамак-аш, машина куруу өнөр жайлары, техникалык айнек чыгаруучу заводу (Венециянын материктеги бөлүгүндө) иштейт. Көптөгөн ири өнөр жай ишканалары шаардын айланасында жайгашкан. Искусство академиясы, университет, Адрия деӊизин изилдөө институту, опера театры, деӊиз тарыхы ж. б. музейлер бар. Венецияда заманбап искусство көргөзмөлөрү (биеннале; 1895-жылдан 2 жылда бир), эл аралык кино (1932-жылдан жыл сайын) жана музыка (1930) фестивалдары, Венеция карнавалы (жыл сайын февралда), ошондой эле тарыхый регата (кайыктар парады) жана эӊ мыкты кайыкчылардын жарышы (жыл сайын сентябрда) өткөрүлүп турат.
Венеция жайгашкан аралдарга калк б. з. ч. 5-кылымда отурукташа баштаган. 421-жылы венеттер ж. б. уруулар мекендеген. Риальто аралында Венеция кыштагы негизделген. Варвар урууларынын чабуулу кезинде (б. з. 4–7-кылымдар) калктын саны Италиянын материктик бөлүгүнөн качкандардын эсебинен көбөйгөн. 555-жылы Византия каратып, В. Равеннанын экзархына баш ийген, ал шаар башчыларын – дукстарды (дождорду) дайындаган. 7-кылымдын аягы – 8-кылымдын башында аралда республика түзүлгөн. Венеция шаары 9 – 10-кылымдарда Батыш Европа менен Чыгыштын ири соода борборуна, 4-крест казатынын (1202–04) натыйжасында Жер ортолук деӊиздеги ири деӊиз державасына айланган. 14–16-кылымдарда Венеция кургактагы бир топ жерлерди кошуп алган. 1797-жылы Венецияны Наполеон Бонапарт басып алган. Кампоформий тынчтыгы (1797) боюнча Венеция республикасынын бүткүл аймагы Австрияга берилген, ал эми 1805-жылдагы Пресбург тынчтыгы боюнча Италия королдугуна бириктирилген. Вена конгрессинин (1814–15) жүрүшүндө Венецияны кайрадан Австрияга берүү тууралуу чечим кабыл алынган. 1848–49-жылдардагы революция кезинде Венеция кайрадан өз алдынчы республика болуп жарыяланган. 1866-жылы Вена келишими боюнча Италия королдугунун курамына кирген.
Венециянын архитектурасы 14–16-кылымдарда калыптана баштаган. Өзгөчөлөнгөн готика, ренессанс жана барокко стилиндеги имараттар, тарыхый эстеликтер, чиркөөлөр, музейлер салынган. Живопистин венеция мектеби түзүлгөн. Кооздолгон чиркөөлөр, түстүү мрамор менен жасалгаланган сарайлардын галереялуу фасаддары, көп сандаган көпүрө, каналдар, көчө жээктете курулган 3–4 кабат үйлөр шаарга кайталангыс көрк берет. Венециянын борборунда Сан-Марио Пьяццасы (аянты) жайгашкан. Шаарды узатасынан кесип өткөн каналды бойлото венециялык ак сөөктөрдүн сарайлары курулган. Аралдарда роман архитектурасынын эстеликтери орун алган: Торчелло аянтындагы Санта-Мария-Ассунта Собор комплекси (7–11-кылымдар), Санта-Фоска ротондасы (11–12-кылымдар) ж. б. Белгилүү музейлери: Дождор сарай ансамбли, Коррер музейи (1830-жылы негизделген; 13–16-кылымдардагы живопись чыгармаларынын жана байыркы буюмдардын жыйындысы), Академия (1807; венеция мектебинин сүрөтчүлөрүнүн

Санта-Марияделла-Салуте чиркөөсү. Архитектор Б. Лонгена, 1631–87.

чыгармалары), Куэрини-Стампалия галереясы (1869; 14–19-кылымдардагы венеция живописи). Театрлары: «Ла Фениче» (1792), Театро Гольдони» (1792). Венеция – Европадагы байыркы музыкалык маданияттын борбору. 16–17-кылымдарда музыканын венеция мектеби түзүлгөн. 17-кылымда тарыхта алгачкы опера театры (1637) ачылган, анда К. Монтеверди, Ф. Кавалли, М. А. Чести, А. Страделла, А. Вивальди иштеген.


Ад.: Всеволожская С. Н. Венеция. Л., 1970; Федорова Е. В. Знаменитые города Италии: Рим, Флоренция, Венеция. М., 1985; Анисимов А. Д. Венеция:
Архитектурный путеводитель. М., 2002; Бек К. История Венеции. М., 2002.