ВЕНЕЦИЯ АЙНЕГИ
ВЕНЕ́ЦИЯ АЙНЕГИ – үйлөө жолу менен жасалган көркөм буюмдар. 13-кылымда Сирия менен Византиянын айнек жасоо тажрыйбасын өздөштүрүү менен Венецияда пайда болуп, кылымдын аягында өрт коркунучунан жана айнек чыгаруу сырын сактоо үчүн Венеция айнегин өндүрүү Мурано аралына топтолгон. Венеция айнегинин гүлдөп өнүгүшү Кайра жаралуу дооруна таандык. 15–16-кылымдарда Мурано аралы Европада айнек өндүрүшүнүн борборуна айланат. Венеция айнегинин ку-

рамы капталы жука буюмдарды үйлөп жасоого жана жасалгалоого шарт түзгөн. Алтын жалатылган жана эмаль менен сырдалган айнек идиштердин, ар кыл кубоктордун, анын ичинде чебер уста Анжело Баровьеринин (15-кылым) портреттер, атчандар, балыктын кабырчыгы түрүндөгү орнаменттер түшүрүлгөн кубокторунун, ошондой эле шуру, күзгүлөрдүн даӊкы көп жерге тараган. Жогорку көркөмдүктөгү тор сымал орнамент жана оролмо түр салынган («венеция жиби») филигрань техникасындагы, ажыдаар фигуралуу буттары бар кубоктор айырмаланышкан. Венеция айнеги Франция, Бельгия, Германияда айнек өндүрүшүнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. «Венеция манерасындагы» айнектер Россиянын алгачкы айнек заводдорунда да чыгарылган.