ВЕНТИЛЬ ФОТОЭФФЕКТИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НТИЛЬ ФОТОЭФФЕКТИСИ – ар түрдү жарым өткөргүчтөрдүн тийишкен жерине жарык кванты таасир эткенде, ал системада электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу. Жарык ургаалдуулугуна жараша электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу көбөйөт да, жарыктаныштын андан ары чоӊоюшу менен анын өсүшү токтолуп, каныгууга жетет. Жарым өткөргүчтөрдөн жасалган фотоэлементтер илимде, техникада кеӊири колдонулат. Мисалы, кремнийден жасалган фотоэлементтер күн энергиясын түздөн түз электр энергиясына айландырууга жарайт. Алар жердин жасалма жандоочуларындагы радиоаппаратураларда колдонулат.