ВЕРБЕНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРБЕ́НА – вербеналар тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк. Жалбырагы үч бурчтуу келип, карама-каршы жайгашат, бийиктиги 30–100 см. 30–60 гүл ачат, кеч күзгө чейин гүлдөйт. 20дан ашык түрү бар. Американын тропик жана субтропигинде көп тараган. КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүндө 4 түрү, Кавказда, Орто Азияда дарылык вербена өсөт. Мурда дары катары колдонулган. Дары вербенаны бадыраӊ туздаганда кошсо, анын даамы, жыты жакшырат. Анын гибрид формалары менен сорттору 1 жылдык кооз өсүмдүк катары эгилет. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт.