ВЕРДИ
ВЕ́РДИ Жузеппе (10.10.1813, Ронкеле – 27.1.1901, Милан) – италиялык композитор. 7 жашынан музыкадан сабак алган. 15 жашынан увертюраларды, фортепьяно үчүн пьесаларды чыгарган. 1839-жылы Миланда анын «Оберто, граф Сан-Бонифачо» аттуу туӊгуч операсы коюлган. 1842–1849-жылдары 13

опера жазган, анын ичинен «Эрнани» (1844), «Аттила» (1846), «Луиза Миллер» (1849). XIX кылымдын 50-жылдары жаралган «Риголетто» (1851), «Трубадур» (1852), «Травиата» (1853) өӊдүү опералары композитордун атагын чыгарган. 60-жылдары «Симон Бокканегра» (1857), «Дон Карлос» (1867), атактуу «Аида» (1871-жылы Каирде коюлган) операсын, 1886-жылы психологиялык музыкалык драманын жогорку үлгүсү – «Отелло» операсын (1887-жылы Миланда коюлган) жараткан. Анын 26 опера, кыл аспаптар үчүн чыгармалары бар. «Отелло», «Травиата», «Риголетто» жана башка опералары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлган.