ВЕРЕЩАТНИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРЕЩАТНИКТЕР , в е р е с к ө с ү м д ү к т ө р ү – көбүнчө дайыма жашыл бадал жана бадалчалар, мамык чөп, эӊилчектер басымдуулук кылган өсүмдүктөр тиби. Анда кумдуу жана чым көӊдүү топурактар өөрчүйт. Жапалак арча да кездешет. Негизинен салкын жана нымдуу деӊиздик климаттуу Европанын Атлантика океаны жак жээктерине мүнөздүү. Ошондой эле Түндүк жана Түштүк Америкада, Африкада (Кап тоолорунда), Фолкленд аралында, Балтика деӊизинин жээгинде да кездешет.