ВЕРТОВ Дзига, Денис Аркадьевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́РТОВ Дзига, Денис Аркадьевич [чын аты-жөнү – Давид Абелевич Кауфман, 21. 12. 1895 (2.1.1896), Белосток, Польша – 12. 2. 1954, Москва] – кинорежиссёр, сценарист, даректүү киного негиз салгандардан.

Д. Вертовдун «Кино-көз» фильмине плакат-афиша. Сүрөтчү А. М. Родченко.

Граждандык согуштун материалдары боюнча «Революциянын жылдыгы» (1919), «ВЦИК үгүт поезди» (1921), «Граждандык согуштун тарыхы» (1922) тасмаларын жараткан. Вертов негиздеген «Киноправда» тематикалык даректүү киножурнал 1922–1925-жылдарда чыгып турган. Вертовдун негизги даректүү тасмалары: «Кадам шилте, Совет!» (1926), «Дүйнөнүн алтынчы бөлүгү» (1926), «Энтузиазм» (1930), «Ленин тууралуу үч ыр» (1934) жана башкалар. Ал даректүү кинонун теориялык маселелерин да иштеп чыккан. «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган (1935).


Ад.: Абрамов Н. П. Дзига Вертов. М., 1962.