ВЕРТОЛ¨Т

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРТОЛЁТ, т и к у ч а к, г е л и к о п т е р – горизонталдык тегиздикте айлануучу бир же бир нече винттин жардамы м-н тик көтөрүлүп, кайра коно турган учуучу аппарат. Вертолёт күүлөнбөстөн эле тик өйдө көтөрүлөт ж-а конот, абада калкып тура алат, ар тарапты көздөй ар кандай ылдамдыкта учат. Вертолёттун винттери кыймылдаткычтан айланат. Вертолётко негизинен поршендүү ж-а аба-реактивдүү кыймылдаткыч орнотулат, ал

Ми-26 вертолёту.
Жүк ташуучу Chinook-46 вертолёту (АКШ).

эми кубаттуулугун жогорулатуу үчүн ракета кыймылдаткычы да пайдаланылат. Айрым Вертолёттордо самолёттун бир валдуу турбовинттүү кыймылдаткычы колдонулуп келген, бирок кийинчерээк эки валдуу турбовинттүү кыймылдатычтар (өзгөчө көп кыймылдаткычтуу Вертолётто) пайдаланылып жатат. Учуп жүргөндө кокустан кыймылдаткыч иштебей калса, алып жүрүүчү винттер өзүнөн-өзү айлангандыктан, Вертолётту улам ылдыйлатып барып кондурууга болот. Алып жүрүүчү винттин реактивдик моментин теӊ салмакта сактоонун ыкмасына карата Вертолёт бир, эки жана көп винттүү болуп айырмаланат. Ар кандай Вертолёт самолёттукундай эле планёрдон (фюзеляж, шасси, башкаруу органы, электр, радио ж-а навигациялык жабдуулар), алып жүрүүчү винттерден, күч берүүчү (кыймылдаткыч) орнотмодон ж-а трансмиссиядан турат. 15-к-да Леонардо да Винчи Вертолёт сымал аппараттын сүрөттөлүшүн жазып чыккан. 1907-жылы Пол Корню (Франция) биринчи жолу алгачкы Вертолётто 30 см бийиктикте эркин учуп, абада 20 сек кармалган, бирок бул аппарат практикада колдонууга даяр эмес болгон. Биринчи жолу асманга эки роторлуу «Фокке-Вульф FW61» Вертолёту көтөрүлгөн. Колдонууга жарактуу алгачкы Сикорск системасындагы VS-300 бир моторлуу Вертолёт 1940-жылы жасалган. СССРде сериялуу чыгарылган алгачкы (1948) Вертолёт МИ-1 (конструктору М. Л. Миль) болгон. Вертолёттун ылдамдыгы 350–370 км/саат, жүк көтөрүмдүүлүгү 40 тга, ал эми учуу аралыгы 2000 кмге чейин жетет. Вертолёттор жүргүнчү (МИ-8) ж-а жүк (Ми-4, Ми-6) ташууда; атайын жумушта – айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери м-н күрөшүүдө, өрт өчүрүүдө ж. б. (Ка-15, Ка-26, Ми-1, Ми-2); геологиялык чалгындоо иштеринде (Ка-26); гравиметриялык сүрөткө тартууда (Ка-18); жогорку чыӊалуудагы газ ж-а нефть өткөргүчтөрүн текшерүүдө (Ка-18, К-26); ири өлчөмдүү жабдууларды ж-а орнотмолорду орнотуу ишинде (Ми-10); санитардык ж-а куткаруу жумуштарында (Ка-18), ошондой эле аскердик тапшырмаларды аткаруу үчүн куралдуу күчтөрдө колдонулат.